Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

Орусия Украинадан азык-түлүк импорттоого тыюу салды


Орусия 2016-жылдын 1-январынан тарта Украинадан азык-түлүк импортуна тыюу салат. Мындай чечим Украинанын Орусияга карата киргизилген экономикалык жана финансылык санкцияларга кошулуусуна байланыштуу кабыл алынганын Орусиянын экономика министри Алексей Улюкаев 18-ноябрда билдирди.

Украина өкмөт башчысы Арсений Яценюк Орусия киргизип жаткан эмбаргодон Украина келерки жылы 600 млн. доллар зыян тартарын айтып, бирок Украина экономикасы Орусиядан көбүрөөк көз карандысыз боло баштаганын билдирди. Орусияга каршы санкцияны батыш мамлекеттери Москванын Крымды кошуп алышы жана Чыгыш Украинадагы жикчилдерди колдоосу үчүн киргизген. (AiT)

XS
SM
MD
LG