Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:41

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду чакан жана орто ишкердикке насыя берүүдө


Фонддун маалымат кызматынын өкүлү Кубан Сагынбековдун 18-ноябрдагы билдирүүсүнө караганда, насыяга 136 миллион сом РСК жана “Айыл” банк аркылуу чакан жана орто ишкерлерге берилди. Беш жылга берилген насыялардын жылдык үстөгү 12% болууда.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ири өлчөмдө эки долбоорго насыя бөлүүнү карап жатат. Фонд кыргыз жана орус өкмөттөрү тарабынан түзүлгөн. Анын уставдык капиталын 500 млн. долларга жеткирүү жана кошумча дагы 500 млн. доллар насыялык каражат табуу милдетин орус өкмөтү өзүнө алган. (AiT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG