Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:41

Жорж Сорос Украина экономикасына 1 млрд доллар инвестиция жумшайт


АКШнын жынжырлуу байларынын бири Жорж Сорос Украинанын компьютердик программаларды иштетүүчү Ciklum компаниясынын бир бөлүгүн сатып алмай болду.

Даниялык ишкер Торбен Мажгаард, Horizon Capital жана Украинанын каржы министри Натали Яреско Соростун Украинадагы фонду менен кызматташуу келишимине бүгүн кол коюшту. Ciklum компаниясында 2 500дөн ашуун украиналык жана чет элдик компьютер программалоочу адистер иштешет.

“Украинанын келечеги үчүн абдан маанилүү, өтө тез өнүгүп жаткан жакшы компания. Бул инвестицияны мен “Жаңы Украина” деп атадым. Себеби жаш, билимдүү жана ынтызар адамдар дал ушул тармакта иштеп, коомчулукту өнүктүрөт”, - деп айткан Жорж Сорос быйыл март айында.

Өткөн жумада Украинанын президенти Петр Порошенко Сороско өлкөнүн эң чоң “Эркиндик” сыйлыгын тапшырган.

XS
SM
MD
LG