Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:09

Кытай Орусиядан Су-35 согуштук учактарын сатып алат

Орусиялык Су - 35 аскер учагы
Орусиялык Су - 35 аскер учагы

Москва менен Бээжин жыйырмага чукул Су-35 согуштук учактарын Кытайга сатуу боюнча келишимге кол коюшту. “Биз бул келишимге кол койдук”, деп билдирди аскердик учактарды чыгаруучу “Ростех” мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Сергей Чемезов.

Келишимдин жалпы суммасы 2 миллиард доллар. Кытай Орусиянын заманбап үлгүдөгү аскерий учактарын сатып алган алгачкы өлкө болмокчу.

2014-жылы Орусия АКШдан кийин эле дүйнөдө курал-жаракты эң көп экспорттогон экинчи өлкө болгон.

Орусиянын мамлекеттик курал-жарак экспорттоочу “Рособоронэкспорт” компаниясынын директору Анатолий Исайкин акыркы 15 жылдын ичинде Орусия 116 өлкөгө 115 миллиард доллардык курал сатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG