Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

Франция өкмөт башчысы “химиялык же биологиялык” чабуул болорун эскертти


Франциянын өкмөт башчысы Мануэль Вальс Францияга “химиялык же биологиялык” курал менен чабуул болушу мүмкүн деген эскертүү жасады.

Бүгүн мыйзам чыгаруучулардын алдында сөз сүйлөп жатып Вальс: “Бардык шектүү ыктымалды эске алышыбыз керек”, - деди. Франция парламенти өлкөдөгү өзгөчө кырдаалды 3 айга улантууну добушка салууда.

Ал арада Бельгиянын парламентинде сөз сүйлөгөн бул өлкөнүн өкмөт башчысы Чарльз Мишель коопсуздук чаралары жана исламчыл экстремисттер менен күрөшүү үчүн кошумча 400 миллион евро талап кылынарын айтты.

Париждеги террордук чабуулдардан кийин Бельгияда текшерүүлөр күчөтүлдү.

13-ноябрда Парижде болгон террордук чабуулда 129 киши мерт кетип, 350дөн ашууну жараланган. Канабайрамдын жоопкерчилигин “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган.

Парижде 18-ноябрдагы террорчуларды кармоо операциясында шектүүлөрдүн бир нечеси колго түштү.

XS
SM
MD
LG