Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Каржы уюмдар Тажикстанга каражат берүүнү азайтат


Эл аралык каржы уюмдары Тажикстанды абалы орто мамлекеттердин катарына кошту. Эми өлкө эл аралык гранттарга үмүт арта албайт. Тажик каржы иштер министри Абдусалом Курбониён алдыда 216 миллион доллар карыз алынарын билдирди. 2017-жылы 271 миллион, 2018-жылы 104 миллион доллар насыя алуу максаты бар. Анын айтуусунда, бул каражаттар жеңилдетилген шартта, жылына 0,15 пайыздан 2 пайызга чейинки үстөк менен 15-40 жылга берилет.

Тажик парламентинин экономика жана каржы комитетинин башчысы Шариф Рахимзода өнөктөш мамлекеттердин учурдагы абалын эске алганда, кийинки жылы бюджетти аткаруу кыйын болорун айтты. Өлкө бийлиги быйылкы бюджетти аткарууда кыйынчылыкка кабылды. Анткени, мамлекеттик казынага 60 миллион доллар акча жетпей жатат. Тажикстандагы экономикалык каатчылык орус рублинин наркы түшкөнү жана мигранттар которгон каражаттын кескин азайганы менен байланыштуу. (NT\SE)

XS
SM
MD
LG