Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Сербия менен Македония чек араларын күчөтүлгөн тартипте текшерүүдө


Македониядагы качкындар
Македониядагы качкындар

Сербия менен Македония чек араларында катуу көзөмөл киргизип, качкындарды текшерүү тартибин күчөтүүдө. Ушундан улам бул өлкөлөргө кире албай жүздөгөн адамдар чек араларда турушат.

БУУнун Качкындар агенттигинин басма сөз катчысы Мелита Суньичтин айтымында, Сербия бийлиги Ооганстан, Сирия жана Ирактан гана барган качкындарды киргизип, калгандарын тосуп жатат.

Македония да ушундай эле тартипте иштеп, Либерия, Марокко, Пакистан, Шри Ланка жана Судандан барган мигранттарды тосууда. Бирок качкындардын көпчүлүгүн Ооганстан, Ирак жана Сириядан баргандар түзөт.

БУУнун Качкындар агенттигинин Жакынкы Чыгыш боюнча директору Амин Аваддын айтымында, Сириянын ичиндеги качкындардын саны былтыр 7,6 миллион болсо, быйыл 6,3 миллион болду.

2011-жылы Сирияда башталган жарандык согуштан улам өз үйүн таштап качкандардын саны 4 миллионго жетти. Алардын көбү Түркия жана Греция аркылуу Европа өлкөлөрүнө өтүүгө аракет кылышууда.

XS
SM
MD
LG