Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Боснияда эки аскер кызматкери набыт болду


Кечээ кечинде Сараеводо автоматчан адам эки аскер кызматкерин өлтүрүп, бир нечесин жарадар кылды. Аскерлерге кол салган адам бир нече сааттан кийин өз үйүндө өзүн-өзү жардырган.

18-ноябрда 34 жаштагы Энес Омерагич кечки саат жетиден кийин спорттук оюндарга акча сайган оюн залына кирип, отургандарга ок ачкан. Натыйжада оюн залында эс алып жаткан Недельно Радич жана Армин Салич аттуу аскер кызматкерлери набыт болуп, дагы бир аскер жарадар болгон. Андан кийин Омерагич жүргүнчүлөрдү ташыган автобусту да аткылаган. Айдоочу жана эки жүргүнчүгө ок тийип, алар жарадар болушкан.

Босния бийлиги окуяны террордук чабуул деп баалады жана өлкөдө коопсуздук чараларын күчөтүүдө. Министрлер кеңешинин төрагасы Денис Звиздич "аскерлерге ок чыгаруу мамлекетке кол салууга барабар. Бирок азырынча кол салган адамдын радикал топтор менен байланышы иликтенүүдө", - деди.

XS
SM
MD
LG