Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Жерүйдүн иштешине жергиликтүү калктын терс маанайы таасирин тийгизүүдө


Мындай пикирин Жерүй алтын кенин иштетүү укугун алган Орусиялык “Восток-геолдобыча” компаниясынын Таластагы өкүлү Базарбай Мамбетов 19-ноябрда билдирди. Анын айтымында, элдеги терс маанайдын айынан кенде иш активдүү башталбай турат.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев Жерүй алтын кенин иштетүү келерки жылы март айында башталарын, учурда долбоорлоо иштери жүрүп жатканын жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирген.

Орусиялык компания Жерүй боюнча конкурсту май айында утуп алган. Алты айдын ичинде кенде геологиялык иштерди жүргүзүү боюнча техникалык долбоор макулдашып бүтүш керек эле. Ал мөөнөт бүтүп баратканга карабай долбоор макулдашыла электигин Мамбетов белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG