Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Жер титирөөдөн жабыркаган Ош облусуна 166 чатыр жөнөтүлдү


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан 19-ноябрда кабарлашты. Бул күнү премьер-министр Темир Сариев өзгөчө кырдаалдар министри жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын куруп, 17-ноябрдагы жер титирөө алып келген зыяндарды толук аныктап чыгууга жети күн мөөнөт берди.

19-ноябрга карай 3400 үй текшерилип, алардын ичинен 10 үй толук кыйраганы аныкталып, 383 үй жашоого жараксыз деп табылды. 725 үй капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Темир Сариев жер титирөөдөн жабыркагандарга өкмөт колдоо көрсөтөрүн, ошондой эле ыктыярдуу жардам берүүчүлөр үчүн атайын эсеп ачууну сунуштады.

Ош облусунун Кара-Суу районунда 17-ноябрда күчү 6-7 балл болгон жер титирөө болгон. (AiT)

XS
SM
MD
LG