Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:45

№50 абактын мурдагы башчысы каза болду


Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын “Азаттыкка” билдиришинче, №1 тергөө абагында жаткан №50 түрмөнүн мурдагы башчысы Иманкул Телтаев бүгүн таңкы саат жети жарымда асынып калган жеринен табылды. Аны нөөмөттө турган кызматкер көрүп калган.

Иманкул Телтаев кызматына шалаакы мамилеси, өткөн айда камактан тогуз киши качып кеткени жана абак кызматкерлеринин өлүмүнө жол бергени үчүн кызматтан алынган эле. Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 11-ноябрь күнү бир айга тергөө абагына камалган болчу.

№50 абакта отурган тогуз адам 12-октябрга караган түнү абактын кызматкерлерин өлтүрүп, качып кетишкен. Аларды кармоо операциясы 10 күнгө уланган. Качкандардын алтоо жок кылынып, үчөө учурда камакта отурат. (AzK)

XS
SM
MD
LG