Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:46

Темир Сариев ИИМ жана ЖАМК жетекчилерин кабыл алды


Актилек Абдувалиев
Актилек Абдувалиев

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн ички иштер министри Мелис Турганбаевди жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Алик Мамыркуловду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди.

Жолугушууда Сариев 19-ноябрда Бишкекте милициянын аймактык тескөөчүсүн атып кеткен адамдарды тез арада табуу тапшырмасын берди. Бул иш милициянын кадыр-баркына турчу иш экенин белгилеген премьер-министр "Милицияны ыкчам иштөөгө чакырып, ага кошумча жарандардын колундагы курал-жарактарды аныктоо үчүн рейд өткөрүү керек",- деди.

Ошондой эле Темир Сариев ЖАМКнын төрагасы Алик Мамыркуловго №50 түрмөнүн мурдагы жетекчиси Иманкул Телтаевдин өлүмүнүн себебин иликтөө тапшырмасын берди. "Окуя боюнча тыкыр иликтөө жүрүп, Телтаевдин өлүмүнө түрткөн себептер аныкталышы керек", – деди Сариев.

19-ноябрда кечки саат сегиздерде Бишкектин 8-кичи районунда участкалык милиционерди атып кетишкен, учурда милицияны өлтүргөн кылмышкерлерди издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Ал эми бүгүн таңкы саат жети жарымда №50 түрмөнүн мурдагы башчысы Иманкул Телтаев №1 тергөө абагында асынып калган жеринен табылды. (SDz)

XS
SM
MD
LG