Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Назарбаев: Астанага “гүлдөгөн Ооганстан” керек


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Ооганстандын президенти Ашраф Гани.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Ооганстандын президенти Ашраф Гани.

Бүгүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Астанада Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен жолукту. Сүйлөшүү маалында Назарбаев Астана өлкөдөгү стабилдилүүктү коргоо жаатында жүргүзүп жаткан расмий Кабулдун ишин колдорун белгиледи.

Эки мамлекет башчылары соода-экономикалык, транспорттук, агрардык жана маданий-гуманитардык багыттагы кызматташуу боюнча бир катар суроолорду талкуулашты. Ашраф Гани аймактагы туруктуулукту сактоо үчүн эки өлкө терроризмге кары биргелешкен күрөштү күчөтүү керектигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Казакстан менен Ооганстан өкмөтүнүн ортосунда жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана башка тармактар боюнча бир катар макулдашууларга кол коюлду.

Расмий маалыматтарга ылайык, эки өлкө ортосундагы товар алмашуу үстүбүздөгү жылдын сегиз айында 200 миллион долларды түзгөн. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей Астана быйыл Кабулга гуманитардык жардам катары 20 миң тонна азык-түлүк жеткирген. Миңден ашык ооганстандык студенттер Казакстанда акысыз билим алышат.

Бүгүн Астанага келген Ашраф Ганинин расмий сапары эки күнгө созулат.

XS
SM
MD
LG