Линктер

жума, 23-июнь, 2017 Бишкек убактысы 00:56

Малидеги мейманканага чабуул жасалды


Малинин баш калаасы Бомако

Соңку маалыматтарга караганда, Малинин баш калаасы Бомакодогу негизинен чет өлкөлүктөр жайгашкан мейманканага согушкерлер чабуул жасашты. Radisson Blu отелинин ичинен атышуунун үндөрү чыгып жатканы айтылууда.

Франс-пресс агенттиги экстремисттер мейманкананын жетинчи кабатын толугу менен ээлеп алганын жазды. Отелдин ичиндеги жүздөн ашык адам барымтага алынганы да кабарланууда. Бул маалымат азырынча тактала элек.

Ушул жылдын август айында да Малидеги Севарэ шаарындагы отелге экстремисттер кол салышкан. Анда төрт аскер, БУУнун беш кызматкери жана төрт согушкер набыт кеткен.

Малиде радикалдар 2012-жылы өлкөнүн басымдуу бөлүгүн басып алган соң, Франция өз аскерлерин жиберип алардын сүрүп чыккан эле. Малинин түндүгүндө ушул күнгө чейин радикалдык исламчыл топтор активдүү. Алар Малинин башка шаарларына байма-бай чабуулдарды жасап келишет.

XS
SM
MD
LG