Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматында иштегендер психологдордун тренингинен өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Кечээ, 20-ноябрда “Жоокерлердин энелери” коомдук бирикмесинин көмөгү менен кызматтын жеке курамы үчүн «Өзүн өзү кармай билүү» жана «Терроризм деген эмне?» темалары боюнча тренинг уюштурулду.
И. Арабаев атындагы мамлекеттик жана К.Скрябин атындагы агрардык университеттердин психология, теология кафедраларынын окутуучулары жаза аткаруу жайларында кызматын өтөгөн аскерлерге терроризм жана экстремизмди алдын алуу, агрессия жана зомбулуктун себептерин айырмалай билүү тууралуу маалымат беришти. Ал эми офицерлер жеке курамдын ички моралдык маанайын туура калыпта кармоо, кол астында иштегендер стресске учураганда абал ырбап кетпеши үчүн кандай чара көрүү керектигине окутулду.
Октябрь айында Чүйдөгү №50 абактан 9 киши 4 түрмө кызматкерин өлтүрүп качып кеткен. Аларды кармоо операциясы учурунда жалпысынан 13 адамдын өмүрү кыйылды. 20-ноябрда ал абактын мурдагы жетекчиси, окуяга байланыштуу камалган Иманкул Телтаев Бишкектеги №1 тергөө абагынын медициналык-санитардык бөлүмүндө асынып өлгөнү кабарланды. (RK)