Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

БУУнун Коопсуздук кеңеши ИМ тобуна каршы резолюция кабыл алды


БУУнун Коопсуздук кеңеши жума күнү уюмга мүчө өлкөлөрдү өзүн "Ислам" мамлекети" деп атап алган террордук топко каршы колдон келген аракетин көрүүгө чакырган резолюцияны бир добуштан колдоп кабыл алды.

Бирок анда террорчулардын жашынган жерин талкалоо тууралуу айтылганы менен, аскердик операция жүргүзүү үчүн мыйзамдуу негиз боло ала турган БУУнун Уставынын 7-беренесине шилтеме жок. Резолюция Франциянын демилгеси боюнча кабыл алынды.

"Ал-Каида" террордук тобуна, "Ислам мамлекети" уюмун каржылоо булактарына, согушкерлерди топтоо аракеттерине каршы мындай резолюциялар Бириккен Улуттар Уюмунда буга чейин да кабыл алынган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG