Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Орусияда "Адам укуктарынын институту" уюму агент деп аталды


Орусияда Юстиция министрлиги "Адам укуктарынын институту" коммерциялык эмес уюмун чет элдик агенттердин тизмесине киргизди. Укук коргоочу Сергей Ковалёв жетектеген бул уюм адам укуктары жаатында изилдөө жана окутуу менен алектенет. Анын расмий сайтында "уюм өз ишмердүүлүгүндө федералдык жана аймактык акыйкатчылар менен, президентке караштуу Жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктары кеңеши, орусиялык жана эл аралык уюмдар менен кызматташат" деп жазылган.

Юстиция министрлигинин маалымдашынча, мындай чечим уюмдун документтерин текшергенден кийин кабыл алынды.

Орусияда 2012-жылы иштей баштаган мыйзам боюнча чет жактан каржыланган саясий бейөкмөт уюмдарды "чет элдик агент" деп каттоого алуу талап кылынат. Бул тизмеге бүгүнкү күнгө карата 100гө жакын уюм киргизилди.

Укук коргоочулар муну орус бийлигинин оппозицияны чектөө аракети деп атап келатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG