Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Ат-Башыда 20 жаштагы эки тургун адам өлүмүнө шектелүүдө


Нарындын Ат-Башы районунда Казыбек айылынын 20 жаштагы эки тургуну адам өлүмүнө шектелүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" райондук милициядан кабарлашты.

18-ноябрда айылдагы мүрзөнүн арасынан киши колдуу болуп өлдү деген адамдын сөөгү табылган. Териштирүүдөн кийин ал ошол эле айылдын тургуну 29 жаштагы Байысбек Баялиев экени аныкталган.

Ат-Башы райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары Мурат Наамановдун айтымында, кылмышка шектүү эки жаран камакка алынды. Алардын бири үйлөнгөнүнө 3 күн гана болгон.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. (MiK)

XS
SM
MD
LG