Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:27

"Акыйкатты акчага гана сатып аласың" деген сот кызматкеринин видеосу тарады


Бүгүн Интернетте Бишкектеги соттордун биринде иштеген деген Эркин аттуу адамдын "Акыйкаттыкты акчага гана сатып аласың. Болбосо, сенин сөзүңдү азыр эч ким сүйлөбөйт, сотуң да, прокуроруң да..." деп айтып жатканы жазылган видеотасма тарады.

Тасмага карата жазылган комментарийде "Ленин райондук сотунун сот аткаруучусу Ашырбеков айыпталуучу Искендеров аттуу жарандын апасынан ишти бүтүрүп берүү үчүн 4 миң доллар сурап жатат. Ашырбеков бул жерде ортомчунун милдетин аткарууда, ишти Ленин райондук сот Бакыт Сагынбаев караган" деп жазылып турат.

Видео качан, кайсы жерде тартылганы белгисиз. Расмий тараптан бул боюнча түшүндүрмө азырынча боло элек. (RK)

XS
SM
MD
LG