Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:33

Ошто кырсыкка кабылган учак 25 жылдан бери жүргүнчү ташып келаткан


Кыргызстандык “Авиатрафик” компаниясына таандык, 22-ноябрда Ош аэропортуна конуп жатып кырсыктаган Боинг 737-3Y0 (борттук каттоо номери ЕХ-37005) учагы 1990-жылдын 25-сентябрында алгач ирет асманга көтөрүлгөн. 1990-2003-жылдары Филиппин өлкөсүндө кызмат кылса, 2003-2006-жылдары Индонезиянын авиакомпанияларында жүргүнчү ташыган. Ал эми 2006-2011-жылдары Сауд Арабиясында иштеген. 2011-жылдан бери “Авиатрафиктин” флотунда кызмат кылып келе жаткан.

“Авиатраффик” компаниясында учурда мындан сырткары үч америкалык Боинг-737 үлгүсүндөгү учак бар. Алар заводдон 1987, 1991, 1996-жылы чыккан. Ошондой эле компаниянын атына 1990-жылы чыккан британиялык “Бритш Аэроспейс 146-200” учагы да катталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG