Орусияга каршы киргизилген санкциялар эгер Москва Сирия маселеси жана Украина жаңжалы боюнча Батыш менен кызматташса гана алынат. Бул тууралуу Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Bild гезитине курган маегинде билдирди:
Мурдараак батыш жалпыга маалымдоо каражаттары “Чоң жыйырманын” саммитинде лидерлер Орусияга киргизилген санкцияларды дагы жарым жылга узартууну чечишкенин маалымдашкан эле.