Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Майыптардын укуктары боюнча "тегерек стол" жыйыны болот


“Инсан Лейлек” фондунун жетекчиси Сагынбек Сейдалиевдин билдирүүсүнө караганда, 23-ноябрда Бишкектеги «Силк Роад Лодж» меймананасында боло турган тегерек столдо Бириккен Улуттар Уюмунун майып адамдардын укуктары боюнча Конвенциясын кабыл алуу маселеси талкууланат. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары катышат. Өкмөт конвенцияны 2011-жылы жактырган. Эми парламенттин кабыл алуусу керек.

Конвенция кабыл алынса Кыргызстандагы 167 миң майып адамдардын транспорт, архитектура, эмгекке укуктарын коргоого жол ачылат. Азыркы кезде майып адамдардын башка жерлер эмес Жогорку Кеңештин, Бишкек мэриясынын имаратына кирүүсүнө ыңгайлаштырылган шарт түзүлгөн эмес, деп белгиледи Сейдалиев. (AiT)

XS
SM
MD
LG