Акыйкатчы институту балдар укуктарынын сакталышы боюнча “Инсан мууну” коомдук фонду менен бирге Бишкектеги убактылуу кармоочу жайларга мониторинг жасады. Анын натыйжасында бир катар мыйзам бузуулар аныкталганы белгиленген. Маалыматта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында 15, 16 жана 17 жаштагы төрт өспүрүм кармалып турганы, аларды камоо мөөнөтү мыйзамда көрсөтүлгөн 48 сааттан өтүп кеткени жазылган. Буга байланыштуу Акыйкатчы ички иштер министри Мелис Турганабевге, шаар милициясынын башчысына кайрылуу жолдоду. (КЕ)