Бул тууралуу бүгүн Унаа жана байланыш министри Аргынбек Малабаев маалымат жыйында билдирди. Алдын-ала маалыматка караганда, кырсыктаган учактын биринчи кыймылдаткычы иштебей калган. Ошондон улам гидросистемасы да бузулган. Ал Оштогу учак кырсыгынын толук себептери "кара жашик" иликтенген соң белгилүү болорун айтты. Маалыматка караганда, учакта 154 жүргүнчү, алты экипаж мүчөсү болгон.
22-ноябрда эрте менен Краcноярск-Ош багытындагы "Боинг-737" учагы Ош аба майданына конуп жатып, тилкеден чыгып кеткен. Андан алты адам жеңил жарат алып, учактын өзү олуттуу зыянга учураган. Учурда кырсыктын себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия иштеп жатат. Бүгүн Москвадан Эл аралык авиация комитетинин өкүлү Георгий Ячменьев башында турган комиссия келди.
Жарандык авиация департаментинин башчысы Эрмек Өмүралиев кырсыкка аба ырайынын начардыгы жана адам фактору да себеп болгонун кошумчалады. (ZKo/КЕ)