Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Өзбекстанда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


“Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлагандай, Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматы жана ички иштер министрлигинин террорчулукка каршы операциясы уланууда. Бүтүндөй Фергана облусунда коопсуздук чаралар күчөтүлүп, чек арадагы райондорго кошумча күзөттөр орнотулган. Тартип сакчылары үймө-үй кыдырып, жарандардын тек-жайын текшерип жатат.

Өткөн аптада Ташкенде 200дөн ашуун адам өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топко катышы бар деген жүйө менен кармалган. Алардын басымдуу бөлүгү чет мамлекеттерде иштеп кайткан эмгек мигранттары. Диний уюмдардын мүчөлөрү да укук коргоо органдарынын тузагына илинүүдө.

Сирия менен Иракта ар кайсы экстремисттик топтордун катарына тартылган өзбекстандыктардын саны миңге чейин жеткени кабарланууда. (КЕ/NT)

XS
SM
MD
LG