Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:09

Жаңы Орлеандагы атышуудан 16 адам жабыркады


АКШ -- Атышуудан кийин окуя болгон жерде жүргөн полиция кызматкерлери. Жаңы Орлеан, 22-ноябрь, 2015
АКШ -- Атышуудан кийин окуя болгон жерде жүргөн полиция кызматкерлери. Жаңы Орлеан, 22-ноябрь, 2015

АКШнын Жаңы Орлеан шаарындагы атышуудан кеминде 16 адам жараланып, ооруканага түштү. Полициянын кабарлашынча, өлкө түндүгүндөгү Луизиана штатындагы бул шаардын паркында куралдуу эки топ атыша кеткен. Ал учурда паркта музыкалык клип тартуу үчүн 500 чакты киши топтолуп турган.

Атышка тиешеси барлар кармалган-кармалбаганы тууралуу маалымат жок. Полиция атышуу бандалык топтордун өз ара тирешинен чыкты, деп айтууга азырынча эрте экенин гана билдирди.

XS
SM
MD
LG