Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Быйыл “Бир дүйнө - Кыргызстан” кинофестивалында 22 тасма көрсөтүлөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын өкүлү Аскер Сакыбаева билдирди. Адам укугуна арналган тасмалардын кезектеги фестивалына 18 чет элдик, 4 жергиликтүү фильм тандалып алынды. Алардын бардыгы аялдар жана балдардын укугу тууралуу тартылган тасмалар.

-Фестивалда кино көрүп тарап кетүү негизги максат эмес. Төрт күн аралыгында үч залда кино көрсөтүлсө, иш-чара башталар алдында адам сатуу, жашы жетелектердин үй-бүлө куруусу, ассоциациялардын эркиндиги жана жалпы адам укуктары боюнча талкуу, семиналарлар өтөт.

Тогузунчу ирет уюштурулуп жаткан “Бир дүйнө - Кыргызстан” эл аралык фестивалы 10 - 14-декабрда Бишкекте башталып, аймактарда уланат. Бул жолу аялдар жана балдар темасы тандалып алынган. Быйылкы фестивалда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги расмий өнөктөш катары катышууда. Ал эми фильмдерди тандоого министрликтин, социалдык кызматтарда иштеген өкүлдөр, укук коргоочулар катышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG