Швециянын Остерсунд шаарында өзбекстандык таанымал имам Обидхан кары Назаровго кол салуу боюнча сот башталды. Швеция укук-тартип коргоо органдары бул кол салуу үчүн өзбек жараны Юрий Жуковскийди айыптоодо. Бул кылмышка шектелген 37 жаштагы Жуковский быйыл 25-августта Орусиядан Швецияга экстрадицияланган. Швеция прокурору Кристер Петерсон бүгүнкү сотто Жуковский расмий Ташкендин буйрутмасын аткарышы ыктымалдыгын билдирди.
57 жаштагы имам Обидхан кары Назаровду 2012-жылдын 22-февралында Швециянын Стромшунд шаарында өз үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Ал ошондон бери оор абалда ооруканада жатат.
Назаров 1990-жылдардын башында Борбор Азиядагы таанымал имамдардын бири болгон. Ал өзбек президенти Ислам Каримовдун саясатын ачык сындап жүрүп, бийликтин басым-кысымынан улам 1998-жылы өлкөдөн чыгып кеткен. Алгач Казакстанда убактылуу баш калкалап, 2006-жылы Швециядан баш паанек алган.