Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

ВИЧ дартына чалдыккандардын жыйыны чакырылды


Иммундук таңсыктык вирусу менен жашаган адамдардын улуттук форуму бүгүн Ак-Кеме мейманканасында өтөт. Бул тууралуу ВИЧ дартына чалдыккандардын биримдиги уюмунун жетекчиси Бурул Исаева билдирди.

Анын айтымында, форумда ВИЧ илдетине чалдыккандарды дары-дармек менен камсыздоо, азыркы абал жана дарылоонун жаңы түрлөрү талкууланат. Форумга республиканын бардык региондорунан жана Саламаттык сактоо министрлигинен өкүлдөр катышат.

Кыргызстанда азыркы кезде ВИЧ менен жашаган 6238 киши катталган. Бирок каттоодон өтпөгөнү көп экенин адистер белгилеп келишет. (AiT)

XS
SM
MD
LG