Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Игорь Чудинов күнөөсүздүгүн сотто далилдөөгө даяр


Игорь Чудинов, Искендербек Айдаралиев, Карганбек Самаков.
Игорь Чудинов, Искендербек Айдаралиев, Карганбек Самаков.

Бул тууралуу “Бир бол” партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев 23-ноябрда билдирди:

-Буга чейин деле Игорь Чудинов тергөөчүлөр менен кызматташып, бардык суроолорго жооп берген. Ал өзүн күнөөсүз деп эсептейт. Ошондуктан сотто ал өзү бардык маселелер боюнча жообун берет.

Жогорку Кеңештеги “Бир бол” фракциясынын мүчөсү Игорь Чудиновго айып коюлуп, кылмыш иши Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөнүн Башкы прокуратура 23-ноябрда кабарлады.

Игорь Чудинов өкмөт башчы кезинде 2008-жылы Чүй облусундагы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүнүн жерин бир категориядан экинчи категорияга өткөрүүдө кызмат абалынан пайдаланган деп айыпталууда. Бул иш боюнча Карганбек Самаков, Жаныш Бакиев, Курманбек Бакиев жана Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковго да айып коюлууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG