Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:47

Жаза аткаруу мекемесинде түзүлгөн кырдаал өкмөттө каралат


Өкмөттөн алынган маалыматка караганда, 24-ноябрда премьер-министр Темир Сариев өкмөт алдындагы Коопсуздук кеңештин жыйынын өткөрөт. Анда Жаза аткаруу мекемесинде түзүлгөн кырдаалды иликтеген өкмөттүк комиссиянын маалыматы угулат.

11-октябрда Чүйдөгү №50 абактан тогуз кылмышкер күзөттөгү үч кызматкерди өлтүрүп, бирөөсүн оор жарадар кылып качкан. Аларды кармоо учурунда тынч эки жаран окко учкан жана кылмышкерлердин көпчүлүгү өлтүрүлгөн.

Окуяны иликтөө жана Жаза аткаруу мекемесин текшерүү максатында өкмөт аппаратындагы коопсуздук, коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Рыскул Жапаркулов башында турган комиссия түзүлгөн.

№50 тергөө абагынын ошол кездеги жетекчиси Иманкул Телтаев камакка алынып, бирок өткөн жуманын соңунда ал өзүн-өзү асып алганы кабарланды. (AiT)

XS
SM
MD
LG