Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

Улуттук банк: Кыргызстанда доллар таңсыктыгы жок


Доллар баасы күндөн-күнгө өсүүдө
Доллар баасы күндөн-күнгө өсүүдө

Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук банктын басма сөз катчысы Софья Балакина билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү коммерциялык банктарда доллар таңсыктыгы жок.

- Ар бир банк өзү чечет. Айрымдары ири суммадагы доллар бир гана кишинин колуна берилбесин деген максатта чектеп жатса керек. Доллардын өсүшү дүйнөлүк тенденцияга байланыштуу, азыр дүйнөлүк базарда баасы өсүп жатат.

Ушул тапта айрым коммерциялык банктар долларды сатууга чек коюшту. Бир адамга 500, кээ бир банктар 100 доллардан ашуун сатпай жатышат. Муну коммерциялык банктар Улуттук банктын чечими деп түшүндүрүүдө. Бирок Балакина бул маалыматты четке какты.

Улуттук банктын бүгүнкүгө аныктаган расмий курсу, сатылышы 72 сом 90 тыйын. Үч ай мурда 1 доллар 64 сом, ал эми бир ай мурда 69 сом турчу. Жеке акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 73,50-74,50 сомдон сатылууда. Жыл башынан бери доллар кыргыз сомуна карата баасы 23 сомго өскөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG