Орусия коргоо министрлиги Сирияда Су-24 истребителинин кыйрашына жерден ага карай ок атылышы себеп болгону болжонуп жатканын билдирди. Мунун алдында түрк маалымат каражаттары бүгүн Сирия чек арасына жакын жерде Түркиянын аба мейкиндигин бузган белгисиз аскерий учак атып түшүрүлгөнүн жазып чыгышкан. Анда F-16 үлгүсүндөгү Түркиянын эки истребители белгисиз учакты атардан мурда аба мейкиндиги бузулганы тууралуу он жолу эскертүү бергени, учак Сириянын чек арага жакын аймагына кулап, андагы эки учкуч парашют менен секирип кетүүгө үлгүргөнү айтылат.
Бирок орус коргоо министрлиги Су-24 учагы Түркия аба мейкиндигин бузбаганын билдирүүдө.
Түркиянын Hurriyet гезити учак президент Асаддын режимине каршы күрөшкөн Латакия аймагындагы сириялык түркмөндөр байырлаган Йамадлы айылына жакын жерге кулап түшкөнүн, учкучтун бири мерт болуп, экинчисин жергиликтүү калк туткундап алганын жазып чыкты.
Орусия истребителдери өткөн октябрь айында да Түркиянын аба мейкиндигин эки жолу бузушу Анкаранын Москвага нааразылыгын жараткан.
Орусия Сирияда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы 30-сентябрдан тарта аба соккуларын ура баштаган.