Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:36

Польша Украина чыгышынан 188 этникалык полякты кабыл алды


Аларды аба майдандан Польшанын өкмөт башчысы Беата Шидло өзү тосуп алды. "Польша - силердин үйүңөр. Силер бул жерде өзүңөрдү коопсуз сезүү үчүн биз колдон келгендин баарын жасайбыз", - деген премьер-министр этникалык поляктарды жиберүүгө көмөктөшкөн украин бийликтерине, дипломаттарга жана башка уюмдарга алкыш айтты. Ал ошондой эле Польша Украинада калган башка поляктарды да көчүрүп келүүгө аракет кыларын кошумчалады.

Келгиндер Ольштындагы эс алуу үйүнө жайгаштырылып, жаңы жашоого көнүү үчүн алты айлык программа сунушталат. Украинанын Мариупол аймагында жашаган поляктар сентябрда Польша бийликтерине тарыхый мекенине көчүрүп кетүү өтүнүчүн жолдогон.

Быйыл январда да Польша Украинанын согуш жүрүп жаткан чыгыш аймактарынан 200дөй адамды кабыл алган.

XS
SM
MD
LG