Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Грузия ИМ тобу тараткан тасманы иликтей баштады


"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу бир күн мурун Интернетке жарыялаган видео тасмада Сирияда аталган топтун катарында согушуп жүргөн грузин жарандары тартылган. Тасмада колдоруна АК-47 автоматын жана РПГ гранатометун кармап, грузинче сүйлөгөн төрт киши Грузия мусулмандарын "Халифатка" кошулууга чакырат.

Грузиянын мамлекеттик коопсуздук кызматы бул видео тасмада тартылгандар боюнча иликтеп-териштирүүлөр башталганын жарыялады. Өлкөнүн маалымат каражаттары алар Грузиянын түштүк-батыш бурчунда жайгашкан Аджария аймагынын мурдагы жашоочулары экенин жазышууда. Бул аймакты негизинен мусулмандар байырлашат.

Грузин бийликтери ондогон жарандары Сирия менен Ирактагы согушкерлерге кошулуп кеткенин билдирген. Алардын арасында Сириянын түндүгүндөгү талаа командирлеринин бири, Умар ал-Шишани деген ат менен таанымал Тархан Батрашвили да бар.

XS
SM
MD
LG