Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Ош облусунда жер титиреди


Ош облусунда 17-ноябрда дагы күчү 6 - 7 баллга жеткен жер титирөө болгон.
Ош облусунда 17-ноябрда дагы күчү 6 - 7 баллга жеткен жер титирөө болгон.

24-ноябрда кечки саат 8:45те Ош облусунда жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сейсмология институтуна таянып кабарлашынча, силкинүү очогунда 4-5 баллга жеткен. Зилзаланын очогу Ош шаарынан 30-35 чакырым алыс, Өзбекстандын Андижан шаарына жакын жерде болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жок.

Жер титирөөнүн күчү Алай жана Өзгөн райондорунун айрым айылдарында 5 баллга чейин сезилген.

Ош облусунда 17-ноябрда да күчү 6 - 7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анда 3400 үй текшерилип, алардын ичинен 10 үй толук кыйраганы аныкталып, 383 үй жашоого жараксыз деп табылган. Зилзала андан кийин да бир канча жолу кайталанган болчу.

XS
SM
MD
LG