Баш калаа Дүйшөмбүдө туу күнүнө арналган жүрүш өттү. Тажик өкмөтү алдындагы жаштар иши, туризм жана спорт комитетинин өкүлдөрү жүрүшкө 30 миңден ашуун адам катышканын билдирди. Шаар көчөлөрүндө бул күнү коопсуздук чаралары күчөтүлүп, машинелердин кыймылы чектелип турду.
Бир күн мурда тажик президенти Эмомали Рахмон телекөрсөтүү аркылуу сүйлөп, туу мамлекеттин негизги символдорунун бири, баасы ченемсиз улуттук мурас экенин, ал элдин максат-тилеги менен үмүтүн билдирип турарын айткан.
Тажикстанда туу күнү 2009-жылдан бери белгиленип келатат.