Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:35

Түркия Орусиянын аскерий учагын атып түшүрдү


Сириялык түркмөндөр жоочулары.
Сириялык түркмөндөр жоочулары.

Түрк бийлиги орус учагы бир нече эскертүүлөргө карабай Түркиянын аба мейкиндигин бузган үчүн атып түшүрүлгөнүн билдирсе, Москва алардын СУ-24 учагы Сириянын аймагынан чыкпаганын ырастоодо. Орус президенти Владимир Путин окуяны “далыга урулган сокку” катары баалады:

-Биз мурдатан эле байкаганбыз, Ислам мамлекети басып алган аймактардан көп өлчөмдө мунай заттары Түркияга өтүп жатканын. Мына ушул жактан бандиттик топторго көп каражат түшүп жаткан. Эми биздин далыбызга сокку урулду. Терроризм менен күрөшүп жаткан учагыбызды атышты. Бул иш биз америкалык өнөктөр менен аба мейкининде чатактарга жол бербөө боюнча келишимге кол койгондон кийин болду. Түркия Америка жетектеген коалицияда терроризмге каршы күрөшүп жаткандардын катарында жүрөбүз дегендерден.

Путин учактын атып түшүрүлүшү Орусия менен Түркиянын мамилесине олуттуу таасир этерин эскертти. Орусия Сирия президенти Башар Асаддын ири коргоочусу болсо, Түркия тескерисинче анын сындоочусу. Атып түшүрүлгөн учактын учкучтарын издөө учурунда Орусиянын бир тик учагы атылып, ал эч ким көзөмөлдөбөгөн аймакка конууга аргасыз болгон. Бир учкучтун каза болгону да кабарланды. (AiT)

XS
SM
MD
LG