Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:22

Лавров: Учакты атайын атып түшүрүштү


Сергей Лавров
Сергей Лавров

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түркия-Сирия чек арасында 24-ноябрда орус учагын атып түшүрүү атайын уюштурулганын, муну Анкаранын НАТО шериктештери жаап-жашырууга аракет кылып жатышканын билдирди.

Лавровдун айтымында, НАТО менен Европа Биримдиги болгон окуяга “кызыктай” мамиле кылып, “эч кандай өкүнүүсүн же көңүл айтуусун” ачык айткан жок.

Москва Орусиянын учагы кокустан эле атылбаганы тууралуу СУ-24 кулаган жерден далилдерди топтоп, аны эл аралык коомчулукка көрсөтүүгө даяр дейт Лавров.

Орус тышкы иштер министри Жакын арада Москва дипломаттарды Түркияга жибербей, бул өлкөдөн да расмий зыяратчылар Москвага барбай турганын маалымдады. Ошентсе да Түркиядагы кесиптеши Мевлют Чавушоглу Лавровго телефон чалганын, экөө жакында жолугушарын билдирген.

XS
SM
MD
LG