Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Орусия армян геноцидин төгүндөгөндөрдү жоопко тартат


Москвадагы эскерүү акциясы.
Москвадагы эскерүү акциясы.

Орусия депутаттарынын тобу 1915-жылы осмон түрктөрү тарабынан армяндардын кыргынга алынышын “геноцид” эмес дегендерди жоопко тартууну караштырган мыйзам долбоорун даярдашты.

“Справедливая Россия” оппозициялык партиясынын лидери Сергей Миронов мыйзам долбоорунда “геноцид” болгонун четке каккандарга 500 миң рубль айып салуу каралганын 25-ноябрда билдирди. Орусиянын мындай кадамы түрк-сирия чек арасында орус учагы атып түшүрүлгөндөн кийин жасалды.

Армения 1915-жылы осмон аскерлери 1,5 миллиондой армянды кырган деп айыптап келатат. Түркия өз кезегинде аны кескин четке кагат. Орусия 1915-жылдагы окуяны геноцид катары тааныган 25 өлкөнүн катарында турат. (AiT)

XS
SM
MD
LG