Чек араларды башкарууну жакшыртуу жана Борбор Азияда баңги заттарынын жайылуусуна каршы күрөшүүгө багытталган эки программа үч жылга эсептелген. Ага Европа биримдиги 10 млн. евронун тегерегинде каражат бөлөт.
Программалардын ачылышына арналган бүгүн Бишкекте боло турган регионалдык конференцияга Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Чезар де Монтес, Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Райымбек Дүйшөмбиев, Баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Рафик Мамбеталиев, Европа биримдигинен делегаттар катышат. Бул тууралуу Европа биримдигинин Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн 25-ноябрда кабарлашты. (AiT)