Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Сариев: катуу суук болсо энергетика сырттан алынат


Бишкек ТЭЦи
Бишкек ТЭЦи

Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында премьер-министр Темир Сариев билдирди. Өкмөт башчы импорт маселеси азырынча ачык турганын, эгер аба ырайы кескин суук болуп кетсе сырттан электр энергиясы сатылып алынарын кошумчалады. Ошол эле кезде элди энергетиканы үнөмдөөгө үндөдү.

Бүгүн премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү кыш камылгасы боюнча маалымат берүүдө. Өкмөт башчынын айтымында, табигый кырсыктар эле болуп кетпесе өкмөт кышка толук даяр экенин айтты. Депутаттар көмүр, энергетика, тариф, жылуулук, кышкысын жолдун абалы боюнча суроолорду узатып жатышат.

Былтыр Кыргызстан Казакстандан 1 кВт саат электр энергиясын 5 сомдун тегерегинде сатып алган. 23-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,4 млрд. метр кубду түзгөн, бул 2014-жылдын деңгээлинен 1,6 млрд. көп. (КЕ)

XS
SM
MD
LG