Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Кыргызстанда бир доллар 79 сомго чыгып кайра түштү

Бишкектеги акча алмаштыруу жайларынын бири. 26-ноябрь, 2015-жыл
Бишкектеги акча алмаштыруу жайларынын бири. 26-ноябрь, 2015-жыл

Бишкектин акча алмаштыруу жайларында бир доллардын сатуудагы баасы 79 сомго жетип кайра түштү. Бирок акча алмаштыруучу жайлар доллар жок дешип мындай курс менен да сатпай жатышат.

Улуттук банк 24-ноябрда 15 млн. 420 миң доллар интервенция жасаган. Бирок кырдаал турукташа элек. Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 доллардын баасы 73 сом 43 тыйын бойдон турат. Бир суткада доллардын баасы 3 сомго өстү.

Бүгүн парламент жыйынында депутаттар сомдун куну тушүп жатканына тынчсызданып, тез арада чара көрүү зарылдыгын белгилешкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG