Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:55

Тажикстанда Уламалар кеңеши салафилерге каршы фатва чыгарды


Уламалар кеңеши Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн тажик жарандарын “салафи илдетине чалдыккандар” деп атап, алардын мекенине кайтышы кооптуу деген тыянакка келди. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы кабарлады. "Алар бул жакка келишсе, кыска убакытта Тажикстанды Сирия, Ирак, Йемен жана Ооганстанга айландырышат", – деп айтылат уламалар чыгарган фатвада.

Имам жана дин таануучулардан турган Уламалар кеңеши өткөн аптада Париж баштан кечирген кандуу окуяларды “салафи” агымынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы катары баалады. Диний аалымдардын билдирүүсүндө, Тажикстанда “салафизм” түшүнүгү бир нече жыл илгери, ислам мамлекеттериндеги диний медреселерден билим алган бүтүрүүчүлөр Ата журтуна кайткандан кийин пайда болгон. Алар кийимдери жана намаздын ортосунда “Оомийн” деген сөздү катуу айтуу, көрүстөндөргө коюлган эстеликтерди жок кылууга таштаган чакырыктары менен айырмаланышкан. Тажик бийлиги мындан улам бир катар ислам өлкөлөрүндө окуган студенттерди мекенине кайтаруу чечимине келген. Өткөн жылы республиканын Жогорку соту салафизмди экстремисттик агымдардын катарына кошкон. (NT/КЕ)

XS
SM
MD
LG