Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:23

Эрдоган “ИМ” тобунан мунай сатып алышпаганын айтууда


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өз өлкөсү “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан мунай сатып албаганын айтып, Орусиянын мындай айыптоолорун четке какты.

Бүгүн жергиликтүү расмий адамдар менен Анкарада жолугушуп, Эрдоган бул сөздөрдү айткандар алгач далилдеши керектигин жана ал жалган жалаа экенин кошумчалады.

Түркияга энергетиканы эң көп экспорттогон өлкө дал ушул Орусия болгондуктан, бул сыяктуу жалаа жабуу негизсиз дейт түрк өлкө башчысы.

Орусия менен Түркиянын ортосундагы мамиле 24-ноябрдагы Су-24 учагы атылгандан кийин курчуп баратат.

XS
SM
MD
LG