Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Милиция Кадыр Маликовду сабагандарды издөөдө


Кадыр Маликов
Кадыр Маликов

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаарында “Кармоо” операциясы жарыяланып, Кадыр Маликовго кол салгандар изделүүдө. Бишкек шаарынын кирген-чыккан жериндеги блокпостторго да кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча тапшырма берилген.

Кадыр Маликовду сабаган окуя кечки саат жетилер чамасында Асанбай кичи районундагы “Народный” дүкөнүнүн алдында болгон. Милициянын алдын ала маалыматына караганда, дүкөндөн чыккан Кадыр Маликов анын машинасынын артына токтотуп койгон БМВ үлгүсүндөгү унааны анын ичиндегилерден алып туруусун суранган. Бирок машинаны ичиндегилер айдоочу жок экендигин айтып, макул болушкан эмес. Бир канча убакыт өткөндөн кийин экинчи ирет суранганда кайым айтыша кетишкен. Натыйжада БМВ үлгүсүндөгү унаадагылар коомдук ишмерге кол көтөрүп, бычак да колдонушкан. Сейитов алдын ала иликтөөлөр аталган окуя Кадыр Маликовдун ишмердигине байланыштуу эмес экенин көрсөтүп жатканын айтты.

Кадыр Маликовго Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия борборунда операция жасалды. Дарыгерлердин айтымында, бычак анын бетине, колуна сайылган.

Дин таануучу жана коомдук ишмер Кадыр Маликов “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборун жетектейт. Ал диний экстремисттерге, радикалдарга каршы ачык сын-пикирлерин айтып келе жатканы менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG