Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Кадыр Маликовго операция жасалды


Кадыр Маликов
Кадыр Маликов

Бул тууралуу Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Жумабеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кадыр Маликов операциядан кийин реанимация бөлүмүнө жаткырылды. Анын абалы оор, бирок туруктуу деп кошумчалады Жумабеков. Дарыгердин билдиришинче, бычак Маликовдун бетине жана колуна сайылган. Ошондой эле коомдук ишмердин көзү көгөргөн жана кан көп кетип калган.

Кадыр Маликовго 26-ноябрь күнү кеч курун белгисиз адамдар сабап кеткен болчу. Окуя кечки саат жетилер чамасында Асанбай кичи районундагы “Народный” дүкөнүнүн алдында болгон. Милициянын алдын ала маалыматына караганда, дүкөндөн чыккан Кадыр Маликов анын машинасынын артына токтотуп койгон БМВ үлгүсүндөгү унааны анын ичиндегилерден алып туруусун суранган. Бирок машинаны ичиндегилер айдоочу жок экендигин айтып, макул болушкан эмес. Бир канча убакыт өткөндөн кийин экинчи ирет суранганда кайым айтыша кетишкен. Натыйжада БМВ үлгүсүндөгү унаадагылар коомдук ишмерге кол көтөрүп, бычак да колдонушкан. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов алдын ала иликтөөлөр аталган окуя Кадыр Маликовдун ишмердигине байланыштуу эмес экенин көрсөтүп жатканын айтты.

Бишкек шаарында “Кармоо” операциясы жарыяланып, Кадыр Маликовго кол салгандар изделүүдө.

Теолог жана коомдук ишмер Кадыр Маликов “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборун жетектейт. Ал жергиликтүү жана эл аралык диний экстремисттик топторду, радикал, террорчул уюмдарды катуу сындап келе жатканы менен да белгилүү.

XS
SM
MD
LG