Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Владимир Путин Түркиядан кечирим суроону күтүп жатканын билдирди


Орусия Сирияга S-400 абадан коргонуу системасын жайгаштырууда.
Орусия Сирияга S-400 абадан коргонуу системасын жайгаштырууда.

Орус президенти Түркия жетекчилиги эки тараптуу мамилени атайын туңгуюкка түртүүдө деди:

-Бизде түрк жетекчилиги орус-түрк мамилесин атайын туңгуюкка алып бараткандай таасир калууда. Биз ага өкүнөбүз.

26-ноябрда Москвада сүйлөгөн сөзүндө Владимир Путин, Орусия Түркиядан кечирим суроону жана келтирилген зыянды калыбына келтирүүнү күтүп жатканын белгиледи. Түркия Орусиянын аскерий учагын 24-ноябрда атып түшүргөн. Путин ошондой эле Орусия бул “кылмышты жасагандарды жазалоону” күтүп жатканын кошумчалады.

Президент Владимир Путин Ислам мамлекетинин жана башка террордук топтордун пайда болушуна “кээ бир мамлекеттердин пассивдүүлүгү жана терроризмди түздөн-түз колдоосу” себеп болду деди. Орус президенти Сирияда терроризмге каршы күрөштө кубаттуу кеңири коалиция түзүүгө үмүт бар деп эсептейт. Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган өз кезегинде кечирим сурабасын, тескерисинче аба мейкиндикти бузган тарап кечирим сураш керектигин билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG