Биринчи Май райондук соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Хажимурат Коркмазовдун ишин кароону улантты. Бүгүн айыпталуучуларга акыркы сөз берилди. Нарымбаев өзү иштеп турган кызмат социалдык-экономикалык маселелер боюнча элдин кайрылуусун перезидентке жеткирүү экенин белгилеп, Нариман Түлеевдин кызы да ушул негизде кайрылганын айтты. Ал өзүнө коюлган күнөөлөр боюнча далил табылбаганын айтып, өзүн актоону соттон суранды. Коркмазов бул иште ортомчу катары катышканын, Түлеевдин иши менен тааныш эместигин белгиледи.
Мамлекеттик айыптоочу-прокурор Данияр Нарымбаевди 12,5 жылга, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Коркмазовду 12 жылга үй-мүлктөрүн мамлекетке алуу менен эркинен ажыратууну сураган. Сот өкүм чыгарууга кирип кетти.
Коркмазов Нариман Түлеевдин мүлкү боюнча соттун чечимин жеңилдетүү максатында анын кызынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен июль айында кармалып, ал пара Данияр Нарымбаевге арналганын билдирген. (SDz/KE)