Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Евробиримдиктин он өлкөсү жаңы газ кууруна каршы чыкты


Польша, Болгария, Чехия, Словакия, Венгрия, Румыния, Греция, Эстония, Латвия, Литванын өкмөттөрү кол койгон катта Орусияны Германия менен туташтырган газ куурду кеңейтүү планы Евробиримдиктин кызыкчылыгына каршы келери жана андан Украинаны дагы дестабилдештирчүдөй тобокелдик бардыгы айтылат.

Батыш Европадагы энергетикалык компаниялардын тобу быйыл сентябрда Орусиянын “Газпрому” менен Украинанын буйтап өткөн “Түндүк агым” газ куурун кеңейтүү боюнча макулдашуу түзгөн эле.

Мерчемделген жаңы газ куур Балтика деңизинин түбүнө төшөлүшү керек. Эми Европанын он өлкөсү Украина да каршы чыккан “Түндүк агым –2” долбоорун биримдиктин саммитинде талкуулоого чакырууда.

Эки күн мурда Орусия алдын алуу төлөө шарттарын бузду деп Украинага газ берүүнү токтотту. Киев болсо газды башкалардан арзан алуу мүмкүнчүлүгү бардыгын билдирүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG